Марал Радиосу

Чоң-Алайда памирлик кыргыздар үчүн 400 үй курулат

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен жакынкы мезгилде Ош облусунун Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн 400 үйдүн курулушу башталат. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Курулуш иштерин быйыл май айында баштоо пландалууда. Бардык үйлөр жылуулук, электр энергиясы жана ыңгайлуу жашоо үчүн зарыл болгон башка нерселер менен камсыздалат.

Өлкө жетекчилиги Ооганстандын кичи жана улуу Памиринин аймактарынан бардык этникалык кыргыздарды толугу менен көчүрүү үчүн зарыл чараларды көрүп жатканы, бул максаттар үчүн мамлекетте жетиштүү күч жана каражаттар бар экени айтылат маалыматта.