Марал Радиосу

Нарында жол кире жана таштанды төлөмдөрүнүн баасы көтөрүлөт

Нарын шаарында жол кире жана таштанды төлөмдөрүнүн баасы жогорулайт. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Муниципалитеттен белгилешкендей, шаар аймагында маршруттук таксилерге жол кире окуучулар үчүн 5 сом болсо, эми 10 сом болот. Чоңдор үчүн жол кире буга чейин эле 10 сом болгон.

«Ошондой эле таштанды төлөмдөрүнүн да баасы 12 сомдон 20 сомго көтөрүлөт. Бул тууралуу 2022-жыл ичинде Нарын шаарынын 5 аймагында коомдук талкуулар өткөрүлүп, жыйынтыгында таштанды төлөмүн жана жол кирени көтөрүү боюнча чечим Нарын шаардык кеңешине сунушталган», — деп айтылат маалыматта.