Марал Радиосу

Кургак учук жана эхинококкоз оорулары көбөйдү. Сактануу жолдору

Бишкекте кургак учук, бруцеллез жана эхинококкоз оорулары күчөп жатканы айтылууда. Дарыгерлер алдын алуу чаралары көрүлүп, тыкыр көзөмөлдөнүп жатканына карабастан, өлкө боюнча абал кооптуу экенин эскертишет.

Адистердин болжолунда, кургак учук боюнча Кыргызстан кооптуу аймак, жылына бул оору жети миңдей адамдан аныкталат. Акыркы жылдарда балдар арасында кооптуу дартты жугузуп алгандар арбыды.

Кыргызстан медицинасы жугуштуу ооруларды аныктоо жана дарылоодо эл аралык уюмдардын, ыктыярчылардын көмөгү менен жаңы ыкмаларды колдонуп келет.

Ошентсе да дартты жугузгандарды кемсинтүү, коомго аралаштырбай өгөйлөө дале күчүндө. Ушундан улам оорусун жашыргандар, ал тургай дарылануудан баш тарткандар арбын. Мунун баары кургак учуктун жана башка жугуштуу оорулардын өнөкөт формасына жол ачат.

Азыркы тапта эхинококкоз оорусунун эпидемиологиялык кырдаалы өтө начар экенин паразитолог дарыгер Жумагүл Усубалиева билдирди. Мындай кырдаал акыркы 3-4 жылдан бери сакталып келе жатканын айтып, статистикалык маалыматтарга жана илдеттин көбөйүү себептерине токтолду.

«Мурунку жылы 888 жаран операция жолу менен дарылоодон өткөн болсо, былтыр 913 жаран. Анын ичинен 182си 14 жашка чейинки бала.

Айрыкча айыл тургундары ит, мышык, малга көңүл кош мамиле жасап, аларды эмдөөдөн өткөрбөй, эрежелерди сактабай баккандан улам жугуштуу ооруларды жугузуп жатышат.

Оорунун алдын алуу үчүн үй жаныбарларын багууда ветеринардык эрежелерди туура сактап, өздүк гигиенага көңүл буруу керек. Ылаңдаган малдын боорун, өпкөсүн итке бербей, жерге терең көөмп салуу сунуш кылынат».

Мал-жандыктардан адамга жуккан коркунучтуу илдеттердин бири – эхинококкоз. Ал — боордо, өпкөдө жана башка органда мителик кылуучу эхинококк личинкасы пайда кылган оору.

Эхинококкоз менен негизинен адамдар жана үй жандыктары ооруйт. Эхинококк курту ит, уй, кой, төө, мышык, карышкыр, чөө, түлкү жана башка жаныбарлардын ичегисинде өсүп жетилип, заң аркылуу сыртка бөлүнүп чыгат.

Адистердин айтымында, Кыргызстан кургак учукту эң көп жугузган өлкөлөрдүн сап башында туруп, кооптуу аймак катары эсептелет. Өлкөдө жылына бул оору жети миңдей адамдан аныкталат. Акыркы жылдары кургак учукка чалдыккан балдардын саны арбыды.

Улуттук фтизиатрия борборунун башкы дарыгери Гүлайым Абдуллаева кургак учук илдетинин кооптуулугу туурасында буларга токтолду:

«Кургак учук дүйнөдөгү эң коркунучтуу илдеттердин бири бойдон калууда. Күн сайын 28 миңге чукул адам кургак учукка кабылып, 4 миңден ашуун бейтап көз жумат. Өлкөдө жыл сайын жүз миңдеген адам бул ооруга чалдыгып, басымдуу бөлүгү оор түрүнөн жабыркайт. Алардын дээрлик 99%ы — аба аркылуу жугузгандар.

Аны дарылоо эки жылга чейин созулушу мүмкүн. Бейтапка өз убагында диагноз коюп, толук дарыласа, кургак учуктун жайылышын токтотууга мүмкүн болот».

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин дарыгери Ырыс Иманхожаевдин айтымында, кургак учуктун негизги белгилери болуп, эки аптадан ашкан катуу жөтөл жана дене табынын көтөрүлүшү эсептелет. Илдет аба аркылуу жана оорулуу кишинин какырыгы, шилекейи аркылуу жугат. Ооруга чалдыккан адам сөзсүз адистин көзөмөлүндө болуп, тийиштүү дарыларды ичиши керек. Дарыгер статистикалык маалыматтарды жана илдеттен сактануу жолдорун атады.

«2021-жылы 3 миң 896 учур катталган болсо, 2022-жылы 3 миң 970 жаран кургак учукка чалдыккан.

Алдын алуу чараларына: туура тамактануу, таза абада сейилдөө, спорт менен машыгуу, ыш болгон мезгилде беткап тагынып жүрүү керек, эгер жөтөлүп, биринчи белгилери байкалып баштаса, сөзсүз түрдө убагында дарыгерге кайрылуу зарыл».

Дүйнөлүк статистикага таянып айтсак, кургак учукка чалдыккандар 13%га, көз жумгандар 26%га азайган. Анткен менен айрым өлкөлөрдө ооругандар азайса, айрым мамлекеттерде тескерисинче, көп каттала баштаган.

Ал эми Кыргызстандын статистикалык маалыматтарын караганда, 2021-жылы өлкөдө 3825 адам кургак учук оорусу менен катталган. Бул көрсөткүч 2020-жылга караганда 200 учурга көп болгон. Өлкөдө  кургак учукка кабылгандардын 70%ы — жаштар.

Exit mobile version