Марал Радиосу

24-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 24-январда өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунда айрым жерлерде туман түшөт. Жолдорго муз тоңот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метр.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7;

Талас облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -7…-12;

Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…+3;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3;

Нарында түнкүсүн -25…-30, күндүз -11…-16;

Бишкек шаарында кар жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -14…-16, күндүз -2…-4 градус болот.