2024-жыл эң ысык жана эң кургак жыл болушу мүмкүн. Мындай божомолдорду климатолог Адам Скайф жасаганын The Guardian басылмасы жазды.
Температуранын көтөрүлүшү Тынч океандагы суунун жогорку катмарынын температурасынын табигый өзгөрүшүнө байланыштуу. Бул көрүнүш 2-7 жылда бир болуп, орто эсеп менен беш жылга созулат.
Окумуштуунун айтымында, глобалдык ысык цельсий боюнча 1,5 градустан ашык көтөрүлүшү мүмкүн жана Түштүк термелүүсүнүн күчтүү фазасында адамзат болуп көрбөгөндөй ысыкка кабылат.
Мындай ысык жыл 2016-жылы болгон.