Марал Радиосу

Тажикстанда кыргыз-тажик чек арасы боюнча жолугушуу өттү

Кыргыз-тажик чек ара тилкесин делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу  Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өттү.

Анын жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлду. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөнүн министрлер кабинети билдирди.

Тараптардын кезектеги жолугушуусу Кыргызстандын аймагында өтөт.