«Кыргызалтын» ААКтын жаңы төрагасы шайланды. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.
Маалым болгондой, буга чейин «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетти.
2023-жылдын 19-январында Кубат Абдраимов мыйзамдын бардык жол-жоболоруна ылайык, министрлер кабинетинин башчысынын макулдугу менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тарабынан «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды.
Абдраимов 2018-жылдын октябрь айынан тартып 2021-жылдын 5-февралына чейин Ош шаардык прокурору кызматын аркалаган.