Марал Радиосу

«Кыргызалтын» ишканасынын жетекчиси алмашты

«Кыргызалтын» ААКтын жаңы төрагасы шайланды. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.

Маалым болгондой, буга чейин «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков  өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетти.

2023-жылдын 19-январында Кубат Абдраимов  мыйзамдын бардык жол-жоболоруна ылайык, министрлер кабинетинин башчысынын макулдугу менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тарабынан «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды.

Абдраимов 2018-жылдын октябрь айынан тартып 2021-жылдын 5-февралына чейин Ош шаардык прокурору кызматын аркалаган.