Марал Радиосу

«ЭТТКны колдонуу кошумча отчёт жана чыгымдарга алып келбейт»

Мамлекеттик салык кызматы айрым ишкерлердин электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз кошумча чыгымдарга жана товарлардын баасынын өсүшүнө алып келери, ошондой эле ашыкча отчет берүүнү талап кылары тууралуу кооптонуулары негизсиз жана чындыкка дал келбестигин билдирди.

ЭТТК менен иштөө үчүн ишкерге кандайдыр бир жаңы жабдууларды же системаларды сатып алуунун, кошумча салык отчетторун берүүнүн зарылчылыгы жок, болгону Салык кызматынын сайтындагы «жеке кабинетинен» иштөө жетиштүү.

ЭТТК товарларды көзөмөлдөө үчүн гана керек жана салык төлөөчү өз ишин контролдоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Атап айтканда, ишкерлердин дарегине товарларды жалган жеткирүү тобокелдиктерин жокко чыгарат.

ЭТТК – бул товарлар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирген унаа жөнүндө маалыматтарды камтыган электрондук документ. Бул ыкчамдык, кеңсе чыгымдарын азайтуу, сатып алуучу-сатуучу-ташуучу чынжырындагы башкарууну жакшыртуу.

Эң негизгиси, ЭТТК таза жана ачык атаандаштык үчүн шарт түзүп, контрабандалык жана контрафакттык товарларды ташууга бөгөт коет.

ЭТТК системасына катталгандан кийин товар жөнүндө бардык маалыматтар салык порталында реалдуу режимде чагылдырылат.

2023-жылдын 1-январынан тартып ЭТТКны товарларды жүгүртүү менен алектенген ишкерлер колдонууга тийиш.

Буга чейин 9-январда Бишкектеги «Дордой-Дыйкан» базарындагы контейнерлердин ээлери иштөөдөн баш тартып, митингге чыгышкан.

Соодагерлер жаңы салык кодексинен улам, тактап айтканда , көзөмөл-кассалык аппараттарды жана электрондук транспорттук эсеп-фактураларды киргизүүгө каршылыгын билдиришип, соода жүргүзбөй тургандарын билдиришкен.

Кийинчирээк базарга салык кызматынын өкүлдөрү барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөнкөн кийин гана иш ордуларына келишкен.

Электрондук-товардык жүгүртүүнүн жаңы эрежесине соодагерлер нааразы

Exit mobile version