Марал Радиосу

Оорукчалдарга жардам берген фонддун имараты күйүп кетти. Жардам керек

Ош шаарындагы «Плюс центр» коомдук фондунун ВИЧ инфекциясы менен ооругандардын кеңсеси жана жашаган борбору күйүп кетти. Бул тууралуу «Партнерская сеть» ассоциациясынын директору Айбар Султангазиев билдирди.

Уюм 12 жылдан бери калктын аялуу катмары менен иштеп, ВИЧ, кургак учук менен ооругандардын басымдуу бөлүгүнө жардам көрсөтүп, чатыры жок калган адамдарга жардам берип келет.

«Имарат ижарага алынганын эске алып, эми алар үй ээсине келтирилген чыгымды төлөп бериши керек жана материалдык жардамга муктаж. Биз бардык досторубузга жана өнөктөштөрүбүзгө колдон келген жардамды берүүгө чакырабыз. Эмнеси болсо да жардамга муктаж болгондорго жардам беришет деп ишенем», — деп билдирди ал.

Төмөндө акча каражаттарын которуунун чоо-жайы:

Оптима банк: 4169 5853 5412 9107

MBank +996555175040

Демир банк сом: 1180000016596203

доллар: 1180000022604442

МegaPay 996555175040

Exit mobile version