Марал Радиосу

Акылбек Жапаров ОшМУнун ардактуу профессору болду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жумушчу сапарынын алкагында Ош мамлекеттик университетине барды. Анда университеттин базасында түзүлгөн жана жарандарга медициналык кызматтар көрсөтүлүүчү көп тармактуу клиникалык оорукана көрсөтүлдү. Клиникалык ооруканада 60тан ашуун адам иштейт, кызматкерлеринин 95 пайызы  ОшМУнун бүтүрүүчүлөрү.

Акылбек Жапаров Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы менен да жолугушту жана анда сөз сүйлөп жатып, университет үлгү ала турган алдыңкы окуу жай экенин айтты. Соңунда Жапаровго ОшМУнун ардактуу профессору наамы ыйгарылды.

Exit mobile version