Марал Радиосу

Бишкекте «Жол» аталышында сүрөт-көргөзмө ачылды

Бүгүн, 17-январда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде «Жол» аталышында сүрөт-көргөзмө ачылды.

«Жол» фотодолбоорунда Кыргызстандын беш облусунда тартылган сүрөттөр камтылып, адам төрөлгөндөн каза болгонго чейинки жолу кыргыздын каада-салты менен баяндалган. Сүрөттөрдө баланы бешикке салуу, үйлөнүү-үлпөт жана жаназа сыяктуу кыргыздын салттары көрсөтүлүп, «өлүм менен өмүрдүн» айкашы эмоциялар менен берилет.

Жол» көргөзмөсү IDEA Борбордук Азия тарабынан «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан MEDIAJASA долбоорунун алкагында түзүлгөн.

Көргөзмөгө фотожурналист Найзабек Мукамбетовдун кыргыз салтын чагылдырган фотолору, ошондой эле Гүлиза Рустамбек кызынын Баткен окуясында тартылган жана аялдардын образын чагылдырган 30дан ашык сүрөтү көрсөтүлөт.

Долбоордун максаты, адамдын басып өткөн жолун фотографиянын жардамы менен баяндап берүү. Бала төрөлгөндөгү кубанычтуу эмоциялар, адам каза болгондо кантип ыйга айланары жана убакыттын билинбей өтүп кете турганы көрсөтүлөт.

Көргөзмө 17-январдан 27-январга чейин болот.