Биз менен байланышыңыз

Абанын булганышын чагылдырган «Түтүн» көргөзмөсүнөн фоторепортаж

Блог | 17 Янв 2023 | 246 | 0
Сүрөт: Айдина Маматисаева

Бүгүн, 17-январда Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде “Түтүн” сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болду.

Аталган сүрөт көргөзмөсү борбор калаада жаңы имараттардын пайда болуу тарыхына, “Юнисон Групп” коомдук фондунун адистеринен турак жайлардын жашоочулары үчүн энергияны үнөмдөө боюнча чаралар жана үйлөрдү жылуулоо боюнча өткөрүлгөн маалыматтык кампаниялар жана тренингдерге, полигондордун абалына, Бишкек шаарынын архитектура жана транспортун өнүктүрүүгө арналган.

Көргөзмөнүн автору Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө белгилүү фотограф, аниматор жана архитектор Шайлоо Жекшенбаев.

Анда автордун 100дөн ашык эмгеги коюлган.

Жекшенбаев иш-чаранын максатын түшүндүрдү:

“Иш-чаранын максаты — борбор калаадагы абанын булганышы, Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштардын жашоочуларынын энергетикалык ресурстарга жеткиликтүүлүгү, жаңы имараттардагы өнүкпөгөн инфраструктура, ассимиляция процесси жана ички миграция сыяктуу актуалдуу көйгөйлөргө коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат”, — деди ал.

Көргөзмө 3-февралга чейин уланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM