Марал Радиосу

Ат-Башыда 21 мектеп сууктан улам онлайн окутууга өттү

Бүгүн, 17-январдан тарта Нарын облусунун Ат-Башы районундагы мектептер окутуунун онлайн форматына которулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мындай чечим өлкөдөгү катуу сууктан улам кабыл алынган. Ат-Башы районунда жалпы 21 мектеп бар.

«Учурда райондук мамлекеттик администрация менен бала бакчалардын иши боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө», — деп айтылат маалыматта.

 

Exit mobile version