Марал Радиосу

Өткөн жылы өлкөдө 400 миң тоннадан ашык эт өндүрүлдү

Өткөн жылдын жыйынтыгы менен өлкөдө бардык категориядагы чарбакер субъектилерде 441,2 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул 2021-жылга салыштырмалуу 12,2 миң тоннага же 2,9 пайызга көп.

«Эт өндүрүүнүн көбөйүшүнүн эң негизги себеби кой, эчки жана үй канаттууларынан тышкары малдын санынын көбөйүшү менен байланыштуу», — деп айтылат маалыматта.

Exit mobile version