Марал Радиосу

Ош облусунда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титиреди

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 15-январда түнкү саат 04:32де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титиреди.

Жер титирөө Бар-Дебе айылында 3,5 балл, Кара-Киндик айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар катталган жок.

Exit mobile version