Марал Радиосу

Ташиев Азия чемпионатына жөнөп жаткан спортчулар менен жолукту

Бүгүн Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана Кыргызстандын Бокс федерациясынын президенти Умбеталы Кыдыралиев 16-27-январь күндөрү Таиланд мамлекетинин Бангкок шаарында өтө турган Азия чемпионатына катышуу үчүн жөнөп жаткан спортчуларга жолугушту. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган чемпионат 22 жашка чейинкилер арасында өтүп, Кыргызстандан 12 мушкер, 3 машыктыруучу жана бир калыс барышат.

Жолугушууда Камчыбек Ташиев курама командага ийгилик каалап, мушкерлер чоң байгелүү орундарга ээ болушун каалады.

Ошондой эле ал өз кезегинде өлкө жетекчилиги да спортчуларга өзгөчө маани берип, алардын машыгуусуна ар тараптуу шарт түзүп берүүгө көмөктөшөөрүн билдирди.

Exit mobile version