Connect with us

Медетбеков: Өлкөдө УКТлар «кутуруп» кетти

Блог | 16 Янв 2023 | 1175 | 0

Акыркы күндөрдө уюшкан кылмыштуу топтордун окуялары коомчулукта көбүрөөк талкуу жарата баштады. Жакынкы эле күндөрдө Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү мыкаачылык менен сабалып, бир жаран каза таап, дагы бири реанимация бөлүмүнө түштү. Уюшкан кылмыштуу топтордун эркин жүрүүсү жана ар кандай ишке аралашуусу өлкөгө кандай коркунучтарды жаратат? Алар менен күрөшүүдө күч органдары кандай иш алып барууда? Бул суроолордун айланасында УКМКнын төрагасынын мурунку орун басары Артур Медетбеков менен маек курдук.

— Артур мырза, Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн ушундай дагы бир топтун мүчөлөрүнүн сабап өлтүрүп коюшу коомчулукту коркунучка кептеди. Айрыкча акыркы жылдарда уюшкан кылмыштуу топтор жасаган үрөй учурган окуялар көп каттала баштады. Бул эмнеден кабар берет?

— Ачыгын айтсак, Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийин «уюшкан кылмыштуу топ» деген өзүнчө бир чоң топтор пайда болду. Бул бүгүнкү эле көрүнүш эмес, 30 жылдан бери булар кээде жогору көтөрүлүп, кээде ылдый түшүп, абдан кутуруп, элге басым көрсөтүп келген. Мындайча айтканда, жаштарга да «үлгү» боло турган деңгээлге чыгып алышты. Жаш балдар арасында ушул топтун мүчөсү болгусу келгендер да пайда боло баштады. Ошон үчүн бүгүнкү күндө уюшулган кылмыштуу топтор өзгөчө түштүк аймагында, көл жергесинде баңгизат, наркотрафиктен тышкары ар кандай айыл чарба продукциялардын өсүшү, алардын сатылышы чоң базарлардын, ошол эле Кара-Суу районунда аларга өзүнчө «крыша» болуп, акча тоноп, уюм түзүп алышты. Ошону менен бирге алардын көбү чоң чиновниктер, депутаттар менен аралашып кеткен учурлар пайда болду. Ошон үчүн алар бир чети бийликке таянып, өзүм билем жоруктарга бара баштады.

— Мындай топтордун коомдо ачык эле ар түрдүү иштерге аралашуусу өлкө коопсуздугу үчүн кандай коркунуч жаратат?

— Биринчиден, эгерде криминалдык же наркотрафик бизнес менен шугулданган топтор болобу, булар чиновник, укук коргоо кызматкерлери менен таасирдүү жумуш жасап, коомго, элге кысым кылып, коркунуч жаратса, анда эл жарылып, катуу бир сокку кылууга кадам шилтеши мүмкүн. Экинчиден, ушуга окшогон кылмыштуу топ мамлекеттин түзүлүшүнө чоң жарака кетирет. Андан тышкары булар укук коргоо органдарынын көптөгөн жакшы иштерин жокко чыгарып, бүгүнкү күндө алардын таасири кызматкерлерин да жумуштан кетиртип, же болбосо сын-пикирге кабылтып, кээде маселесин караттырып койгон деңгээлге чыкты. Эң негизгиси, ушуга окшогон кылмыштуу топтордун сотто көп учурда акталып, бир-эки ай отуруп, кайра чыгып кетиши биздин келечектеги жаштарга өзүнчө «үлгү» болуп жатат. Жаштарда «ушундай кылса эч нерсе болбойт турбайбы, коркутса, алдап жүрө берсе деле боло берет экен» деген жоопкерчиликсиз түшүнүк пайда боло баштады. Ошол үчүн бул жагы абдан коркунучтуу.

-Уюшкан кылмыштуу топторго карата мамлекеттик саясат кандай жүрүшү керек?

— Мамлекеттик саясат биринчи кезекте мыйзамдын толугу менен так жана убагында аткарылышын жасашы керек. Мыйзам баарына бирдей болушу керек. Экинчиден, «Уюшулган кылмыштуу топтун канча мүчөсү бар?» деген справка Жогорку Кеңеште айтылып да, берилип да жүрөт. Бирок ошону билген менен эч кандай чоң демилге чара көрүлгөн жок. Ошону үчүн алардын бардыгын комплекстүү түрдө жарыялап койбой эле мыйзамсыз иштерге барарын алдын ала аныктап, кармоо боюнча атайын операцияларды жүргүзүшү керек. Андан тышкары уюшулган кылмыштуу топтун мүчөлөрү мыйзамсыз байыган. Демек, укук коргоо органдары баарын текшериши керек. Алардын баарын тартипке салып, чоң жоопкерчиликке тартышы керек.

— Маегиңиз үчүн ырахмат!

Copyright © 2017 Maral FM