Марал Радиосу

Оператор Калыс Бакытбек уулу үй камагына чыкты

«Опузалоо» беренеси менен айыпталып жаткан оператор Калыс Бакытбек уулу үй камагына чыкты. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарганын жактоочу Замир Жоошев кабарлады.

Журналист Санрабия Сатыбалдиева жана оператор Калыс Ашырбаевдин кылмыш иши 9-январда соттун кароосуна өткөн.

MIR 24 сайтынын журналисти Санрабия Сатыбалдиева жана аны менен иштеген оператор Калыс Аширбаев былтыр 4-октябрга караган түнү кармалган. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, алар «опузалап акча талап кылууга айыпталган.

Сатыбалдиева кийин үй камагына чыгарылган.

Exit mobile version