Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
12-январда Майлуу-Сууда таза суу сактагычында түтүктөр тоңуп, суунун басымы кескин төмөндөгөн. Жашоочуларга бериле турган суунун көлөмү азайып, №1, 3, 4 отканаларда жылуулук берүү системасына суу толук келбей калган.
Бул кырдаалга байланыштуу Майлуу-Суу шаардык мэриясында Жарандык коргонуу комиссиясынын жыйыны өткөрүлүп, жагдайды жөнгө салуу боюнча тиешелүү тапшырмалар коюлган.
Суунун көлөмүн калыбына келтирүү үчүн коммуналдык кызмат менен бирдикте шаардын Саматова көчөсүндө жайгашкан отканага өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн “КамАЗ” жана “Зил-131” өрт өчүрүүчү автоунаалары дарыядан суу сордуруп, отказанга толтуруу жумуштарын аткарышкан.
Ага карабай шаарга жылуулук берүү токтоп, бүгүн, 13-январда шаардын Жарандык коргонуу кызматынын жыйыны өткөрүлүп, шаар аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.