Быйыл Финансы министрлиги чакан жана орто ишкердикти колдоо максатында бюджеттен коммерциялык банктарга 2 млрд сом бөлөт. Анын негизинде ишкерлер 1 млн сомдон 3 млн сомго чейин пайызсыз насыя ала алышат. Бирок чакан иш кылган бизнес ээлери насыя алуудагы кыйынчылыктар жоюла электигин, өкмөт тарабынан коюлган талаптар татаал экенин айтышат.
Өткөн жылдын күз айынан тарта чакан жана орто бизнес ээлери банктардан пайызсыз насыяларды ала баштаган. Ага бюджеттен 1 млрд 756 млн сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күнгө чейин пайызы жок насыяны 4 миңден ашык ишкер алганы маалым болду.
Финансы министринин орун басары Руслан Татиков быйыл чакан жана орто ишкердикти колдоо долбоорлору үчүн бюджеттен коммерциялык банктарга 2 млрд сом бөлүнөрүн билдирди. Ал пайызсыз насыя алуунун жол-жобосуна токтолуп, насыя 11 коммерциялык банк аркылуу берилерин айтты.
«Долбоорго катышуу үчүн зарыл болгон бир канча критерий бар. Биринчи категорияны алсак, Кыргызстандын Салык кодексинин мыйзамдарына ылайык, ишкердин жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашпаган жана алты айдан кем эмес иштеген жеке ишкер болушу керек. Экинчи категорияда Салык мыйзамдарына ылайык иш жүргүзгөн, жылдык жүгүртүүсү 30 млн сомдон ашпаган жана 6 айдан кем эмес иштеген ишкерлер жана юридикалык жактар болуп саналат. Айыл чарбасы каржыланбайт. Себеби айыл чарбага өзүнчө долбоорлор каралат. Ал эми пайызсыз насыя алуунун шарттарына токтолсок, коммерциялык банктар чакан жана орто бизнестерге үч жылга берет. Анын ичинде жеңилдетилген мезгил үч ай. Ал убакыт ичинде ишкерлерге эч кандай каражат төлөбөйт. Негизги суммасын үч айдан кийин төлөп башташат».
Насыя алуунун биринчи категориясында млн сомго чейин, ал эми экинчи категориясында 3 млн сомго чейин пайызсыз насыя алууга болот.
Ишкер Мирбек Асангариев бул демилге чакан жана орто бизнестин алдыга жылуусуна бир топ жардам берерин айтат. Ал бөлүнгөн каражатты 2 млрд сомдон жогорулатуу керек деген пикирде.
«1 миллиондон 3 миллионго чейин болот. Бул көп деле каражат эмес. Бирок жабдууларды алып, жаңыртып, долбоорлорду ишке ашырууга жардам берет. Бул долбоорду мындан ары да улантуу керек. Эки млрд сом өлкө деңгээлинде өкмөт үчүн чоң деле каражат эмес. Бирок бир канча ишкерге чоң эле колдоо боло алат. Бул бекер эмес. Аны кайра кайтаруу керек. Кайтарылган каражатты банктар башка ишкерлерге берип, айландырса болот. Каражаттын суммасын 10 млрд сомго чейин көтөрүү керек. Бизнесте каражат жок өсүү өтө кыйын».
Дагы бир ишкер Батырбек Сыдыгалиевдин айтымында, долбоордун алкагында насыя алуу бир топ түйшүк жаратат. Себеби өкмөт койгон талаптар жеңил эмес. Ошонун айынан пайызсыз насыядан баш тарткан ишкерлер да бар.
«Насыя алуудагы эрежелер жеңил эмес. Керектүү документтерди чогултууга бир канча убакыт кетет. Ал эми коммерциялык банктар өзүнүн насыяларын сунушташат. Алар мынчалык көп документти талап кылышпайт. Мунун айынан көптөгөн ишкер бул насыядан баш тартып, көнгөн насыяларын эле алышат. Бирок жалпысынан бул долбоор жакшы. Бизнес-ассоциациялар менен биргеликте карап чыгып, өзгөртүүлөрдү киргизсе болот. Ишкерлер үчүн критерийлерди бир аз жеңилдетсе болот. Эгер аларга коюлган талаптарды да жеңилдетсе, анда чакан жана орто бизнес ээлерине чоң жардамын берет».
«Чакан жана орто бизнести ыкчам колдоо» долбоору президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Финансы министрлиги Дүйнөлүк банк менен биргеликте чакан жана орто бизнестерге жардам көрсөтүү максатында ишке ашырууда.
Демилге 111 млн доллардан ашык каражатка кайтарымдуу негизде пайызсыз финансылык жардам берүүнү каржылайт.
Бул үчүн атайын банктар арасында тандоо жүргүзүлүп, ичинен 11 коммерциялык банк менен келишим түзүлгөн.
Пайызсыз насыялар «Айыл банк», «Керемет банк», «РСК банк», «Азия банк», «Финансы-кредит банк» жана башка банктар аркылуу берилет.
Долбоордун мөөнөтү 2027-жылга чейин созулат. Эгер коммерциялык банктар алты айдын ичинде өздөштүрсө, Финансы министрлиги тарабынан кошумча акча каралат.