Марал Радиосу

Өлкөдө орточо айлык акы дээрлик 26 миң сомду түздү

Кыргызстанда өткөн жылдын 11 айынын жыйынтыгы менен орточо айлык акы 25 миң 711 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов брифинг учурунда кабарлады.

Анын айтымында, 2021-жылдын январь-ноябрь айына салыштырмалуу өсүү 1,3 пайызды түздү.

Маданият, саламаттыкты сактоо, социалдык камсыздоо, билим берүү, мамлекеттик башкаруу, коргонуу, тоо-кен, курулуш жана транспорт тармагынын кызматкерлеринин айлык акысы жогорулады.

Exit mobile version