Марал Радиосу

Ташкент мэриясы суукка байланыштуу элге бекер палоо берет

Өзбекстандын борбору Ташкент шаарынын бийлиги ызгаар суукка байланыштуу элге бекер палоо берүү чечимин кабыл алышты.

Маалым болгондой, ысык тамак акциясы 16-январга нике салондорунда, тойканаларда уюштурулат.

Анда ысык тамакка муктаждар жана турак жай-коммуналдык кызматтардын, шаарды көрктөндүрүү жана жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмдөрүнүн кызматкерлери келе алышат.

Бекер тамак кайда жана кайсы убакыттарда берилери тууралуу маалымат Ташкент мэриясынын Телеграм-каналына жарыяланды.

Exit mobile version