Марал Радиосу

Нурсултан Назарбаевди «ардактуу сенатор» наамынан ажыратышты

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевди «ардактуу сенатор»наамынан ажыратышты. Бул тууралуу сенаттын төрагасы Маулен Ашимбаев журналисттерге билдирди.

«Конституциялык соттун чечими бар, эртең биз «биринчи президент — Элбасы» мыйзамын жокко чыгаруу жөнүндө» чечим кабыл алабыз. Суроо «ардактуу сенатор» наамына байланыштуу болду. Конституциядан алынып салынгандыгын жана мыйзам жокко чыгарылууга даярдалып жатканын эске алып, «ардактуу сенатор» наамын биздин регламенттен алып салдык. Мунун баары жалпы улуттук референдумдун жыйынтыгы боюнча жүргүзүлүп жаткан аракеттер», — деди Маулен Ашимбаев.

Мындан тышкары Ашимбаев буга чейин «ардактуу сенатор» наамы бир гана адамга берилгенин баса белгиледи.

Нурсултан Назарбаевге 2019-жылы «ардактуу сенатор» наамы ыйгарылган. Ал кезде жогорку палатанын төрагасы анын кызы Дарига Назарбаева болгон.

Эске салсак, 13-январда парламент палаталарынын биргелешкен жыйынында «Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти-Элбасы» мыйзамы күчүн жоготту» деген чечим чыгары күтүлүүдө.

Exit mobile version