Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын мамлекеттик тышкы жана ички карызын төлөөгө 33 млрд 606 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, төлөмдөрдүн эң көп көлөмү тышкы карызга туура келген – 22 млрд 113 млн сом. Бул Кыргызстандын тарыхындагы рекорддук көрсөткүч болуп эсептелет.
Ички карыз боюнча төлөмдөр 11 млрд 493 млн сомду түздү.
Министрликтин маалыматына караганда, мамлекеттик карызды тейлөө республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.