Марал Радиосу

Бишкектен Москвага туруктуу аба каттамдардын саны көбөйөт

«Манас» эл аралык аэропорту 2023-жылдын 1-февралынан тарта «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы «Бишкек-Москва-Бишкек» багыты боюнча туруктуу авиакаттамдарды ачууну пландаштырып жатканын кабарлады.

«Манас» аэропортунан Орусиянын «Внуково» аэропортуна учуулар жумасына эки жолу: шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарылат.

Москва шаары «Аэро Номад Эйрлайнс» ата мекендик авиакомпаниясы үчүн жаңы багыт болуп саналат.

Учурда Орусиянын борборуна Avia Trafic Company, «Аэрофлот» жана «Уральские Авиалинии» компаниялары каттамдарды аткарып келишет. Азырынча каттамдардын саны – 38.

Exit mobile version