Марал Радиосу

Бишкекте Айтматовдун 95 жылдыгына карата эл аралык форум өтөт

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган кыргыз-казак интеллигенциясынын эл аралык форуму өтөт. Иш-чара январдын аягында Бишкек шаарында болору болжолдонууда.

Ага Казакстан Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев, Казакстандын маалымат жана коомдук өнүктүрүү министри Дархан Кыдырали да катышат.

Мындан тышкары Кыргызстандын белгилүү окумуштуулары Чынгыз Айтматовдун өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу баяндамаларды жасашат.

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен өтө турган бул форум улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата эл аралык жана республикалык деңгээлдеги иш-чаралардын башаты болуп саналат.

Кошумчалай кетсек, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов кечээ, 11-январда Кыргыз улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик Чолпонкул Арабаев, Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев, ошондой эле Президенттин администрациясынын тиешелүү бөлүм башчылары менен эл аралык форумду уюштуруу боюнча жыйын өткөрдү.