Марал Радиосу

Бишкекте чет өлкөлөрдөн келген балбан кыздар окуу-машыгуу өткөрүүдө

Бишкекте 9 өлкөнүн балбандарынын катышуусунда эркин күрөш боюнча кыз-келиндердин биргелешкен машыгуусу өтүүдө.

Маалым болгондой, Бишкекке Норвегия, Венгрия, Эстония, Италия, Литва, Молдова, АКШ жана Казакстандан 50дөн ашык спортчу жана машыктыруучулар келген.

Машыгуу Бишкек шаарындагы кыз-келиндер күрөшү боюнча жаңы курулган залда өтүүдө.

Бобордогу «Жаштык» массалык спорттук иш-чараларды өткөрүү боюнча дирекциянын базасында кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын машыгуу залы быйыл октябрда ачылган.

Анда медициналык реабилитациялык бөлмө, күрөш залы, спорт залы, конференц-залы, кир жуучу жай, машыктыруучу бөлмө, эс алуу бөлмөсү, мейманкана бөлмөсү жана башкалар каралган.