Марал Радиосу

«Шамбала» тасмасы Индиядагы фестивалда эки сыйлык утту

Белгилүү кинорежиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы Индияда Чатрапати Шиваджи шарында өткөн эл аралык кинофестивалында «Мыкты тасма» жана «Шиважи Махараж падышасынын глобалдык лидерлик сыйлыгын» жеңип алды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, «Шамбала» тасмасы буга  чейин да бир катар эл аралык фестивалдарга катышып, сыйлыктарды жеңип алган.

«Шамбала» тасмасы Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде тартылган.