Марал Радиосу

ТИМ: Баткенге Орусиядан гуманитардык жардам көрсөтүлдү

Баткен облусунун тургундарына Орусиянын Свердлов облусунан гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен облусуна жаш балдар үчүн жылуу кийимдер түрүндө гуманитардык жардам жеткирилген.

Долбоор «Свердлов облусунун Губернатордук программаларынын фонду» коммерциялык эмес уюму, «Биздин үй» улуттук маданий уюмдарды өнүктүрүү жана мигранттарды колдоо борбору тарабынан жана Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун көмөгү менен ишке ашырылды.

Баткен облусунун жетекчилиги Свердлов облусуна жана кайрымдуулук акциясынын башка бардык катышуучуларына ыраазычылык билдирди.