Марал Радиосу

Бишкек-Ош жолундагы кар көчкү тазаланды

10-январдын кечинде Бишкек — Ош унаа жолунун 134-135-чакырымындагы Көлбаев атындагы тоннелдин түштүк тарабында болжол менен 4000 м3 кар көчкү түшүп, унаа жолу жабылган.

Жерине Жайыл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүнөн ыкчам топ жана 3 куткаруучу тартылган. Тазалоо иштерин жүргүзүүгө 1 жүктөгүч, 2 грейдер тартылып, түнкү саат 00:15те унаа жол толук тазаланып, эки тараптуу ачылды.

Кыргызгидромет борбору ушул күндөрү өлкөдө абанын температурасы 20-25 градуска чейин төмөндөй турганын билдирген. Көпчүлүк аймакта маал-маалы менен кар жаап жатат.