Марал Радиосу

Төкмө акын Болот Назаров 16-мартка чейин камакта калтырылды

Төкмө акын Болот Назаров дагы эки айга камакка алынды. Соттун чечимине ылайык акын №1 тергөө абагында калат.

Бүгүн. 10-январда Москва райондук сотунда жылкы уурдоо фактысы боюнча иш каралган. Отурумдун жүрүшүндө судья айыпталуучуга 16-мартка чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Былтыр 9-ноябрда Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө жылкы уурдоого шектелип, төкмө акын Болот Назаров кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Болот Назаровго Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен кылмыш иши козголгон.