Марал Радиосу

«Кыргызкөмүр» ишканасы көмүрдү паспорт менен 4 миң сомдон сатат

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы Бишкекте көмүрдүн тоннасын паспорту менен келген жарандарга төрт миң сомдон сатууда. Ишкананын маалыматына караганда, көмүр алып жаткан жарандын каттоосу жана жашаган жеринин дареги болушу керек.

Көмүр бир кишиге 2 тоннадан гана сатылат.

«Кардарым бар деп кирип кеткен Porter айдоочуларына көмүр сатылбайт. Акыркы күндөрү ортомчулар «Кыргызкөмүр» алып келген көмүрдү сатып алып, калкка ошону эле 5 миң сомдон ашырып, сатып жатканы жашыруун эмес», — деп айтылат билдирүүдө.

Exit mobile version