Бүгүн, 10-январда эртең мененки саат 10:30дан баштап жасалма тыгындарды болтурбоо максатында Төө-Ашууда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилген.
«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы кабарлагандай, чектөө саат 12:00дөн баштап алынды.
Белгилей кетсек, Төө-Ашуунун жолдорун кардан тазалоо жана инерттик материалдарды чачуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.