Бүгүн, 10-январда Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын жакындары тынчтык митингинге чогулушту.
Алар жакындарын үй камагана чыгарууну суранышууда.
Кемпир-Абад иши боюнча кармалган саясатчы, активист жана блогерлер былтыркы жылдын 23-октябрынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Алар шаардык соттун чечими менен февраль айына чейин камакта калтырылган.