Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 9-январь күнү саат 22:52де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титиреди.
Жер титирөө Сузак районунун Ак-Терек, Жийде, Кыргызстан айылдарында жана Көк-Жаңгак шаарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар катталган жок.