Марал Радиосу

Үч кошуна өлкөнүн «Камбар-Ата-1» ГЭСин бирге куруу аракети талкууда

Өлкөдө эң ири курулуш «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушу башталгандыгын президент Садыр Жапаров жарыялады. Энергетика министрлиги билдиргендей, 6-январда Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын энергетика министрлери «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушун ишке ашыруу боюнча жол картасына кол коюшту. Алдын ала маалыматтар боюнча долбоор үч өлкөгө тең калыс жана пайдалуу болушуна басым жасалып, Кыргызстан 34%, Казакстан менен Өзбекстан 33%дан үлүш алат. Өзбекстан менен Казакстандын өнөктөш болуу ниети коомчулукта кызуу талкууда. Үч өлкөнүн биргелешкен ишкана түзүү ниети канчалык туура кадам? Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Жыл башталары менен Кыргызстандагы «Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу маселеси кайрадан көтөрүлдү. Буга чейин аталган ГЭСти Өзбекстан менен биргеликте куруу боюнча келишим түзүлгөндүгү айтылып келсе, эми чогуу курууга Казакстан дагы кошулду. Үч мамлекеттин Энергетика министрлери ГЭСтин курулушун ишке ашыруу боюнча жол картасынын макулдашуусуна 6-январда кол коюшту. Ага Кыргызстандын атынан Энергетика министри Таалайбек Ибраев, Казакстандын Энергетика министри Болат Акчулаков, Өзбекстандын Энергетика министри Журабек Мирзамахмудов кол коюшкан.

Маалыматка ылайык, Камбар-Ата-1 ГЭСди ишке киргизүүнүн болжолдуу мөөнөтү техникалык-экономикалык негиздеме иштелип чыккандан кийин аныкталат. Ибраевдин айтымында, ГЭСди курууга болгон даярдыктар башталды.

«Бүгүн биз Камбар-Ата-1 ГЭСин курулушун ишке ашыруу боюнча жол картасына кол койдук. Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга даярдык иштери, жол, көпүрө салуу, электр линияларын тартуу, куруу аянтчалары даярдалууда. Анын кубаттуулугу 1860 МВт».

«Камбар-Ата-1» ГЭСин Өзбекстан менен биргеликте куруу боюнча келишим түзүлгөндүгүн, өткөн жылдын март айында президент Садыр Жапаров маалымдап, аталган ГЭСти куруу 30 жылдан бери ишке ашырылбай келгенин сындап, эми аны 3 жылдын ичинде куруп бүтүүнү убадалаган эле.

Мындай келишим 2017-жылдын сентябрь айында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен да түзүлгөн. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын ошол кездеги президенти Алмазбек Атамбаев менен болгон жолугушууда өзбек бийлиги «Камбар-Ата» ГЭСин курууда Кыргызстанга жардам берерин билдирген. Андан бери канча жыл өтсө да, маселе ишке ашпай турган.

«Камбар-Ата» ГЭСи экономикалык, суу жана саясий жактан маанилүү чоң долбоор болгондуктан, аны сөзсүз куруу керек. Бирок долбоор боюнча Кыргызстан 34%дык үлүшкө эмес, эң аз 51% үлүшкө ээ болушу керектигин Энергетика тармагындагы эксперт Расул Умбеталиев айтат.

«Бул долбоордун негизинде Кыргызстан 34%, Казакстан менен Өзбекстан 33%дан ээлик кылат экен. Бул долбоор энегетикалык, экономикалык долбоор болгонуна карабастан, анын саясий жагына көңүл бурушубуз керек. Өзбекстан менен Казакстан эмне үчүн бул долбоорго кызыкдар? Эки коңшунун бул долбоордогу эң негизги максаты сугат суу. Алардын электр энергиясына деле муктаждыгы жок, жайкы мезгилде сугат сууга муктаждыктары бар. Ошондуктан бул долбоордо Кыргызстан 51% үлүшкө ээ болгондо гана ишке ашырууга болот. Бул жерде Казакстан менен Өзбекстан биригет, бул талашсыз, анткени аларга суугат суу керек. Алар биригүү менен 66%ды түзүп, биздин суу-энергетикалык ресурстарыбызга түздөн -түз таасир этип, суу маселесин чечип калат. Азчылыкты түзгөн биз ал жерде эч нерсе чече албай калабыз, аны дагы ойлонушубуз керек».

«Камбар-Ата-1» ГЭСин курууга 55 жылдан бери аракеттер болсо да эмне себептен жылбай жаткандыгынын себептерин Энергетика тармагындагы эксперт Эрнест Карыбеков белгилеп, азыр дагы аны ишке ашыруу бир топ жылдарды аларын, курулушка 5 млрд доллардын айланасында каражат сарпталарын белгиледи.

«»Камбар-Ата-1″ ГЭСин курабыз дегенибизге 55 жыл болуптур. Ушул кылымдын башында Казакстан менен биргеликте курабыз деп, кийин алар каражат таппай келишимден чыгып кетишкен. Ал эми 2012-жылы Орусия менен насыяга курабыз деп, терс экономикалык негиздемеси болгондуктан алар дагы баш тартышкан. Долбоордун баасы 5 млрд доллардын айланасында болот. Насыяга курабыз десек, баардык каржы институттары эсептеп чыгышкан, насыяны кайра кайтарып бериш үчүн биз 10 сомдон сатышыбыз керек экен. Андай баа Орто Азияда жок, ошондуктан бул долбоор жылбай келе жатат. Эми үчүнчү жолу үч мамлекет менен курабыз деп жатабыз. Бул долбоор боюнча айтууга эрте, анткени бир дагы сан, эсеп жок. Башкаруу жагынан кооптуу жагдай бар. Кыргызстандын үлүшү аз болуп, эгерде алар кошулуп кетишсе, алар башкаруу жагынан алдыга чыгып кетишет. Эгерде бир эле коңшу өлкө менен курсак, анда 51%га ээ болуп, башкаруудагы коопсуздугубузду сактап калмакпыз». 

Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов жер дагы суу дагы 100 % Кыргызстанга таандык болгондон кийин, Кыргызстан долбоордун 70% үлүшүнө ээ болуп,коңшу өлкөлөр 15%дан ээлик кылса туура болот деген ойдо. Эгерде ага макул болушпаса, бул долбоорду Кыргызстан өз күчү менен ишке ашырганга чейин кое турууну туура көрөт. Анын айтмында, суу жана жер стратегиялык маанилүү обьект болуп, өлкөнүн экономикалык жана саясий жактан коопсуздугуна жана көз карандысыздыгына түздөн-түз байланыштуу болот.

«Суу деген учурда өтө эле маанилүү ресурс, күндөн-күнгө баасы жана мааниси кымбаттап баратат. Ошол эле учурда ал ресурс 100% Кыргызстанга таандык болуп жатат. Аны жөн гана суу катары эмес, электр энергиясы, саясий рычаг катары колдонсо болот. Анын баалуулугу чексиз. Ошондуктан, өзубүз дагы курсак болот. Болгону бир аз ойлонуш керек. Эгерде бүгүн колубуздан келбей атса, кичине күтүп турсак деле болот. Аны курууга эл тарабынан курч талап дагы жок. Долбоор боюнча Кыргызстан 34%га, коңшу өлкөлөрдүн 33% үлүшкө ээлик кылышы, иш жүзүндө эгемендүүлүгүзүдү жоготконубуз. Башкача айтканда суу ресурстарыбыздын үстүнөн көзөмөлдү жоготконубуз. Мен ойлойм, бул келишим туура эмес, мындай чечимдерди кабыл алууда шашылыштын кажети жок».

«Камбар-Ата-1» ГЭСин курууга 30 жылдан бери аракеттер болсо да ишке ашпай, кагазда гана калып келет. ГЭСти курууда электр энергиясын сырттан сатып албай, тескерисинче, аны чет өлкөлөргө экспорттоого жетиштирүү негизги максат болгон. Аталган ГЭС Нарын дарыясында Жалал-Абад облусунун «Үч-Терек» айылына кире беришинде курулуп баштап, кийин каражаттын жоктугунан токтотулган.

Exit mobile version