Марал Радиосу

Сосновка постундагы унааларга коюлган чектөө алынды

Бишкек – Ош жолунда жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, унаа жолдун 80-чакырымында жайгашкан Сосновка постунда 3-январда саат 18:30дан тарта жүк ташуучу унааларга, 4-январда саат 11:20дан тарта мунай зат ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды.

Азыркы учурда унаалардын бардык түрүнө жол ачык.

Суусамыр өрөөнүндө жана Төө-Ашууда күн бүркөк, кар, жаан жок. Унаалар эки тараптуу өтүүдө. Жолго кум, шагыл себүү иштери жүргүзүлүүдө. Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымында 127-УРАЛ унаасы нөөмөттө турганы кабарланды.