Марал Радиосу

Ошто УКМКнын жалган кызматкери кармалды

Ош облсунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жалган кызматкери аныкталып, жоопко тартылды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Өзүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, өлкө жетекчилиги менен тааныштыгы бар экенин көрсөтүп, мыйзамсыз иш аракеттерди жасап жүргөн жаран Кара-Суу районунун тургуну экендиги такталып, сот жообуна тартылды.

Анын таасир көрсөтүүсүнүн натыйжасында «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкери 65 сотых  жерге мамлекеттик сертификатты мыйзамсыз каттаткан.

Азыркы учурда УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн аныктоо жана жоопкерчиликке тартууга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.