Марал Радиосу

Шашылыш билдирүү: Тоолуу аймактарда көчкү жүрүшү мүмкүн

3-январдан 5-январга чейин өлкө аймактарында аба ырайы катаал болот. Бул күндөрү тоолуу аймактарда, ашууларда көчкү жүрүшү мүмкүн.

Айрыкча төмөнкү унаа жолдор өтө кооптуу экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет:

«Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу» кан жолу;

«Ала-Бука — Каныш-Кыя» кан жолунун Чапчыма ашуусу;

«Красная-Горка — Ак-Таш» кан жолу.

ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоону, кокус кырсык болсо, «112» номерине кабарлап коюуну өтүнөт.