Марал Радиосу

Декларация-2021: Президент бир жылда миллион сомго жакын киреше тапкан

Салык кызматы чиновниктердин 2021-жылга карата декларациясын жарыялады. Ага ылайык, өлкө башчы Садыр Жапаров жыл ичинде 997 миң 803 сом киреше тапканын көрсөткөн.

Жапаров 0,6 гектар жер аянты бар экенин, андан башка мүлкү жоктугун көрсөткөн.

Президенттин жакындарында аянты 17,2 чарчы метр болгон гаражы гана бар экени декларацияда жазылган.