Марал Радиосу

Токаев кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктады

Казыкстандын президенти Касым-Жомарт Токаев президент Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
«Келе жаткан Жаңы 2023-жыл менен чын жүрөктөн куттуктоолорумду кабыл алыңыз! Сизге бакубатчылык жана бир тууган Кыргызстандын элинин жыргалчылыгы үчүн жаңы ийгиликтерди каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.