Марал Радиосу

«Нурбакыт, Нурмахаммед, Нурсултан». Бишкекте үч эм төрөлдү

Бишкектин Ленин районунда үч эм төрөлдү. Шаардык мэриянын маалыматына караганда, балдардын атын Нурбакыт, Нурмахаммед жана Нурсултан коюшкан. Эненин жана ымыркайлардын саламаттыгы канааттандырарлык абалда.

Жогорку Кеңештин депутаттары Винера Райымбачаева, Нуржигит Кадырбеков, Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова жана Ленин районунун башчысы Русланбек Тагаев ымыркайларды көрүп, белек тапшырышты.