Марал Радиосу

Бишкектин борборунда 31-декабрда унаа кыймылына чектөө киргизилет

Бишкекте 31-декабрда майрамдык иш-чараларга байланыштуу Чүй проспектисинде автоунаа кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу Кайгуул милициясынан кабарлашты.

Кечки саат 18:00дөн түнкү 01:00гө чейин Чүй проспектисинин Ала-Тоо аянтынын Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү жабылат. Айдоочулардан айланма каттамдарды алдын ала тандап алуу сунушталат.

Милиция унаа ээлерин жолдо этият болууга жана коомдук транспорттун өтүүсүнө тоскоол болбоо үчүн токтотуу эрежелерин сактоого чакырды.

Exit mobile version