Марал Радиосу

ЖК: Мас айдоочуну күбөлүктөн ажыратуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Жогорку Кеңеште «Жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.

Мыйзам долбоору жол кырсыктарын алдын алуу жана айдоочулук тартипти бекемдөө максатында иштелип чыккан. Жол эрежелерин орой түрдө бузган айдоочулар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү, ошондой эле Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана Билим жана илим министрлигинин айрым функциялары Ички иштер министрлигинин карамагына берилгендигине байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү сунушталган.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов билдиргендей, жаңы мыйзам менен мас абалында унаа айдагандарга карата жаза күчөтүлүп, аларды айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу сунушталууда.

«Мас абалында унаа айдагандарды айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу киргизилип жатат. Биринчи жолу ичип кармалса, бир жылга айдоочулук күбөлүктөн ажырайт, кайра кайталанса 3 жылга, ал эми мас абалында кырсыкка кабылса 3 жылга ажырайт. Ошондой эле айрым айыппулдун өлчөмү да көбөйдү. Ылдамдыкты 40тан 60ка көбөйтсө, 7500 сом айып пул төлөйт, ал эми 60тан ашырса 15 миң сом төлөйт. Мындан тышкары карама-каршы тилкеге чыккандар 15 миң сом төлөйт. Жол эрежесин одоно бузса, аларды кайрадан экзамен тапшырууга жиберип жатабыз. Ошондой эле мурда 15 күндө айыппул төлгөндөргө 70%дык жеңилдик берилсе, азыр анын мөөнөтүн бир ай кылып өзгөртүп жатабыз» , — деди ал.

Мыйзам долбоору президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Буга чейин мас айдоочулардын айыппулу 17 миң 500 сомго чейин көтөрүлгөн.

Exit mobile version