Марал Радиосу

«Кофе ичип же душка түшсө болот». Жакында Кеминде RestPoint пункту ачылат

Кыргызстандагы биринчи RestPoint пункту Кеминде ачылат. Анын курулушу жана аймагын жашылдандыруу иштери дээрлик аяктап калганын Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун басма сөз кызматы кабарлады.

RestPoint – туристтер жана саякатчылар үчүн эс алуу, маалымат алуу, гаджеттерди же электр унаасын кубаттоого мүмкүнчүлүк түзүлгөн жай. Анда туристтер тыныгып, кофе ичип же душка да түшсө болот.

Ар бир RestPoint пунктунда туристтерге Кыргызстан жөнүндө бардык маалыматты камтыган дисплей болот, анын ичинде туристтик жайлардын багыттары, аттракциондор, эс алуу аймактары, жакын жердеги кызыктуу жерлер жөнүндө маалыматтар болот.

Мындан тышкары, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн атайын шарттар, намазкана, сувенирлер сатылган күркө жана заряддоо пункттары бар.

RestPoint жыл бою иштейт. Кыргызстанда жалпысынан мындай жайлардан 68ди ачуу пландалган.

Туристтик сезон: Туристтерди онлайн каттоо, экспресс каттамдарды уюштуруу пландалууда

Exit mobile version