Марал Радиосу

Кылмыштуу топтор менен «достошкон» милиция. Соңку окуялар эмнеден кабар берет?

Ушул жылы 25-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Нарын облусундагы Кочкор районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жана милиция кызматкерлери кармалганын билдирген. Алар ишкерден пара алууга айыпталган. Атайын кызмат кармалгандар уюшкан топтун мүчөлөрү Камчы Көлбаевдин адамдары экенин тартип сакчылары кылмыштуу топту «калкалап жүргөн» деп айыптаган.

Ушуга окшош окуя Жалал-Абаддын Сузак районунда да катталды.

Акыркы күндөрдө милиция кызматкерлери жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү арасында болгон окуялар коомчулукта талкуу жаратты. 

Кочкор районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалгандан кийин Нарын облустук милициясынын жетекчиси баш болуп, 22 кызматкер жазаланды. Тогуз кызматкердин ордуна жаңылары дайындалды.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков жыйын өткөрүп, анда айтылгандай, Ички иликтөө кызматы айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы, Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилери кылмыштуу окуяны жаап-жашырышканы аныкталган.

Муну менен катар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Жалал-Абад облусунун Сузак райондук милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы жана анын эки кызматкери оор кылмышты жашырууга шек саналып, Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген.

Бул окуялар коомчулукта милиция менен криминалдын байланышы бар экенине күмөн ойлорду жаратты.

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Туратбек Мадылбеков өлкөдө болуп жаткан окуялар жалпы милиция, укук коргоо органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көө сүйкөп койду деген пикирде. Ал кримчөйрөсүнөн психологиялык басымдар коркутуп-үркүтүүлөр күчөгөнүн айтып, бул маселени чечүү үчүн бийлик өкүлдөрү жана тиешелүү кызматтагылар алгылыктуу иштерди жасай албай жатканын сындады.

“Себеби ишкерлер болобу же айыл чарба тармагында иштегендер болобу мен алып жаткан маалыматтар боюнча уюшкан кылмыштуу топторго жергиликтүү аймактардын ичинде дагы аларга каршы алгылыктуу иш жүргүзбөй келишкен. Кээ бир учурларда ушинтип биздин укук коргоо органдарынын кызматкерлери таза эмес, ал арада жетекчилер дагы аралашып кеткени боюнча эл озунда көп эле айтылып келчү”.

ИИМдин коомдук кеңешинин мурдагы төрагасы Ялкун Даутов ички иштер органдарынын кыматкерлери коомдук коопсуздукту сактоо жана кылмыштуу топтор менен күрөшүү жаатында жакшы  иштерди жүргүзүп келе жатат деген ойдо.

“Тилекке каршы ушундай коррупцияга аралашкан кызматкерлер боюнча 1-2 окуя катталды. Аларга мыйзам чегинде чара көрүлүп, министр жетекчилерди кызматтан бошотту, ички иликтөө иштери да уланууда. Бул иш бүтө элек, ал дагы сотко барат, андан кийин жыйынтыктар чыгат. Бүгүнкү күндө УКМК жана башка укук коргоо органдар кылмыштуу топтор менен каттуу күрөшүш керек”.

Мурдагы милиция кызматкери Тилек Сагынтаев (аты өзгөртүлдү)  2015-жылдарга салыштырмалуу бүгүнкү күндө уюшкан кылмыштуу топтун күчү жок экенин айтып, коопсуздук милициянын көзөмөлүндө деп ишенет.

“Бул окуялардан кийин милициянын атына аябай каттуу сөздөр тийип жатат. Бирок баарын тергөө чечиш керек. Соттун чечими чыккандан кийин гана бардык нерсе ачыкка чыгып, өз ордуна келерт. Бизде эл көп нерсени билбей, милициянын жумушун билбей туруп айтып коюп беришет. Негизи тергөөнүн жыйынтыктары чыккандан кийин чечим чыгарып, ката кемчиликтерди, сындарды ошондо айтса болот”.

Ири уюшкан кылмыштуулук топтор Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери бар экени маалым. Алар жогорку мамлекеттик кызматтагы адамдар менен, укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен тарапташ болуп, “бир тилде сүйлөшүп” келгени коомчулукка сыр эмес.

Криминалдык топтор акыркы учурда саясий процесстерге да катышып, саясий топту түзүүгө аракет кылып, мамлекеттин өз алдынча иштешине өтө терс таасирин тийгизип жатканын коопсуздук маселелери боюнча эскперт Артур Медетбеков айтты.

“Биринчиден, уюшкан кылмыштуу топтордун экономикалык жактан мыйзамсыз байыганын, көптөгөн мекеме, ишканаларды, транспорттук каражаттарды алганын карап туруп, ошого жараша юридикалык баа берип, иш козгоп ушул иштерди алып барууга умтулуш керек.

Экинчиден, акыркы убакытта болуп жаткан окуялар бүгүн эле чыккан жок. Аны менен системдүү жана комплекстүү түрдө күрөшүш керек.

Үчүнчүдөн, биздин укук коргоо жана сот органдарында реформа жасап, таза, так, тартиптүү, тажрыйбалуу адистерди иштетип, бул жаатта туура, позитивдүү процесстерди алып баруу зарыл”.

Акыркы жылдары бир гана милиция эмес, УКМК жана башка укук коргоо органдарынын дарегине ар кандай сындар айтылып келет. Талдоочулар тармакты терең реформалоо маселеси башталганы менен анын ишке ашканы азырынча көрүнө электигин белгилеп келишет.

Exit mobile version