Марал Радиосу

Быйыл Кыргызстанда 4,5 миң гектарга жакын жер трансформацияланды

Быйыл Кыргызстанда 4,5 миң гектарга жакын жер трансформацияланды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы билдирди. Жыл башынан бери Министрлер кабинети жерлерди трансформациялоо боюнча 38 токтом кабыл алган. Анын ичинен 3 миңден ашык гектар жер Асман шаарын куруу үчүн бөлүнгөн. Муну менен катар ГЭСтиердин курулушуна 79 гектар, өнөр жай объектилерин курууга 139 гектар, логистикалык борборлорду курууга 79 гектар жер трансформацияланган. Мындан сырткары жер мунапысын жүргүзүү, кыймылсыз мүлктү каттоо жана санариптештирүү боюнча да бир топ иштер аткарылды.

Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары, Жер жана суу көзөмөлү кызматы жана «Кадастр» мекемеси биргеликте маалымат жыйын өткөрүп, бир жылдык ишмердүүлүгү тууралуу отчетун берди.

Ага ылайык, ушул жылы Жер ресурстары кызматы өлкөдө кыймылсыз мүлктү каттоо жана санариптештирүү багытында бир канча электрондук кызматтарды ишке киргизди. Бул элдин убактысын үнөмдөөгө жана оперативдүү кызмат алууга жардам берет.

Жер ресурстары кызматынын башчысы Абдулат Мырзаев быйыл бирдиктүү кыймылсыз мүлк боюнча маалымат системасынан 11 миңден ашык онлайн маалымат берилгенин айтты.

Ошондой эле ал учурда дагы кандай электрондук кызматтар иштеп жатканына токтолду.

«Калкка жана бизнеске санариптик мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча Жер ресурстар кызматы тарабынан Санариптештирүү министрлигине караштуу «Электрондук өз ара аракеттенүү борбору» менен «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу мамлекеттик органдарга кызмат көрсөтүү боюнча макулдашууга кол коюлду. Бул максатта кыймылсыз мүлк объектилери жана аларга болгон укуктар, ошондой эле даректик маалыматтар боюнча маалымат берүү үчүн 74кө веб-сервис иштелип чыгып, Түндүк порталында жарыяланган. Түндүк системасы аркылуу 20 министрликтер жана ведомстволор туташтырылган. Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү тартибин жөнөкөйлөтүү максатында бири-бири менен байланышкан «Автоматташтырылган каттоо системасы», «Бирдиктүү кыймылсыз мүлк боюнча маалымат системасы», «Даректик регистр», «Даректик регистр боюнча геомаалымат системасы» ийгиликтүү иштеп жатышат».

Бүгүнкү күндө министрликтин алдындагы Жер жана суу көзөмөлү кызматы өлкөдөгү суулардын жана жерлердин пайдаланышын көзөмөлдөп, аларга карата мыйзам бузууларды аныктап келет.

Мекеменин жетекчиси Кабылбек Мамбетаимов билдиргендей, сууларды жана жерлерди мыйзамсыз пайдалангандар үчүн быйыл 1,5 млн сомдон ашык айып пул салынып, мамлекеттик бюджетке өткөрүлдү.

«Биздин кызмат жер суу жаатындагы көптөгөн мыйзам актыларынын сакталышын көзөмөлдөйт. Пландуу жана пландан тышкары текшерүүлөрдү жүргүзөбүз. Бул жылы биринчи жана экинчи кварталда текшерген жокпуз. Үчүнчү жана төртүнчү кварталда биздин кызмат тарабынан текшерүүлөр болду. 346 пландуу текшерүү, 147 пландан тышкары текшерүү болду. Жалпысынан 767 текшерүү болду. 948 мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Аларга эскертүү берилди. Оңдоо боюнча биз тараптан 1 ай убакыт берилет».

Ал эми «Кадастр» мекемесинин ишмердүүлүгүнө токтолсок, быйыл ишкана жалпысынан элге 966 млн сомдук кызмат көрсөттү. Мекеменин директору Жакшылык Токтосунов бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 165 млн сомго көп экенин айтты.

«2022-жылдын 11 айында пландагы иштердин көлөмү 925,9 млн сом болсо, иш жүзүндө 1021,2 млн сомго же 110,3 % аткарылды. 2021-жылдын 11-айында аткарылган жумуштардын көлөмү иш жүзүзүндө 800,9 млн сом суммасында аткарылган, өткөн жылдын деңгээлинен быйыл  127,5 % жогору аткарылды. Быйылкы жылдын 11-айында республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге төлөмдөр жана чегерүүлөр түрүндө 313,5 млн сом которулган. Анын ичинде салыктар – 157,3млн сом, социалдык фондго чегерүүлөр – 156,2 млн сом. 2021-жылда 11-айында республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге төлөмдөр жана чегерүүлөр түрүндө 255,2 млн сом которулган. Анын ичинде салыктар – 119,6 млн сом, социалдык фондго чегерүүлөр – 135,6 млн сом».

Жер ресурстары кызматынын маалыматына караганда, жыл башынан бери Кыргызстанда жер мунапысына 71 миң 794 арыз түшкөн.

Анын ичинен 8 273 адамдын тизмеси коомдук талкууга коюлган.

Ошондой эле өлкө боюнча 12 237 техникалык паспорт жана 444 мамлекеттик күбөлүк берилди.

 

Exit mobile version