Марал Радиосу

Депутат Бакиров Көлбаев менен жолукпаганын айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин маалыматтарын четке кагып, кримтөбөл Камчы Көлбаев менен жолугушпаганын билдирди. Бул тууралуу ал 28-декабрда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты.

Ал Көлбаев менен байланышы, тааныштыгы да жоктугун билдирди. Бир күн мурун Атайын кызмат депутатты ушул маселеге байланыштуу суракка чакырып, ким менен жолугушканын сураган.

«Камчы Көлбаев менен жолугушту деген маалыматтар чыкты. Бул чындыкка дал келбейт. «Барс» деген жер — элдин баары эс ала турган комплекс. Жаңы жылга карата эс алсакпы деп коттедждерди көрүп келдик, үй-бүлөбүз менен барып эс алсакпы деп. Көлбаевди көргөн жокмун, жардамчым менен барып, кымыз алып кайттык. Далилдер бар жеп жатышат, болсо чыгарсын, сүйлөшүп отурганымды же сүрөттөрү болсо чыгарбайбы, жөн эле куру доомат кое бербей» , — деди депутат.

Депутат Бакиров мандатын жокко чыгаруу аракети болуп жатканын билдирди

УКМК бүгүн маалымат таратып, 25-декабрда депутат Өмүрбек Бакиров Чолпон-Ата шаарындагы «Барс» спорттук эс алуу комплексинде кримтөбөл Камчы Көлбаев менен жашыруун жолугушканын кабарлады. Атайын кызмат бул боюнча далилдүү фактылар бар экенин билдирүүдө.

Жогорку Кеңештин 17-ноябрдагы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу келишимдер талкууланып, жактырылган. Ага 19 депутат каршы добуш берген. Бул жыйында талкуу маалында депутат Өмүрбек Бакиров менен УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев айтыша кеткен. Кийин Бакиров Жогорку Кеңештеги иш бөлмөсүнөн чыгарылган. Ага башка бөлмө берилери айтылган.

Эл өкүлдөрү кесиптешине жасалган мындай мамилеге нааразылык билдирип, спикер Нурланбек Шакиевди депутаттардын укугун коргой албай жатканын айтып, сындашкан.

Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгарышы боюнча комиссия түзүлүп, бул мыйзамсыз аракет деген бүтүм чыккан.

Ал Ош облусунун Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар айылдык шайлоо округунан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Учурда «Элдик» депутаттар тобунда.

Exit mobile version