Марал Радиосу

Төрт облустун милиция бөлүмдөрүнүн жетекчилери алмашты

Бүгүн, 28-декабрда  ички иштер министри Улан Ниязбеков онлайн кеңешме өткөрүп, Нарын, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл облустарынын ички иштер башкармалыктарына дайындалган жаңы жетекчилерди өздүк курамга тааныштырды.

Кадрдык алмашуулар Нарын облусунун Кочкор районунда жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда орун алган окуялардан улам болгонун министр билдирди.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы боулп Канат Жумагазиев дайындалды. Мурда ал Ысык-Көл ОИИБнин башчысы болуп иштеп келген.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчылыгына Жеңиш Абитов дайындалды. Мурда ал Ош милициясынын башчысы болгон.

Ал эми Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчылыгына Жеңиш Жоробеков келди. Ал ага чейин ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башчысы болчу.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги кызматына милициянын полковниги Орунбай Кочкоров дайындалды. Ал ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеп жаткан.

Бир күн мурун кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында Нарын облусунда жалпысынан 22 милиция кызматкери тартип жазасына тартылды, 9у ээлеген кызмат ордунан бошотулду, 3 кызматкер ички иштер органдарынын катарынан бошотулду, калгандары сөгүш алышты.

Exit mobile version